Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдө «Айтматовдун чыгармаларын барактай» симпозиуму өттү

Turmush -  Ысык-Көлдө таштан жасалган скульптуралар боюнча «Айтматовдун чыгармаларын барактай» аталышындагы симпозиум өттү. Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, симпозиум Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий комплексинде уюштурулган.

Кыргызстандын скульпторлору ачык асман алдындагы музейде өздөрүнүн эмгектерин көрүүчүлөргө тартуулашты. Симпозиумга Ысык-Көл районунун акими Д.Иманалиев, өлкөнүн аймагынан келген скульпторлор катышты. Айтматовдордун үй-бүлөсү «Рух Ордо» маданий комплексинин ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандарга ыраазычылык билдиришти. Бул жактагы музейдин жана симпозиумдун иши аркылуу адамдар жазуучунун чыгармачылыгынан кабардар болушат.

Буга чейин өлкөдөгү скульпторлорду колдоо максатында кыргызстандыктар арасында симпозиум өткөрүү чечими кабыл алынган. Тандоо туруна бир нече скульпторлор катышкан. Калыстар тобунун чечими менен 10 катышуучунун эмгеги тандалып, аларга акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 906
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×