Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

«Жеңеке»: Маданият кызматкери Замира жеңени жолдошу бир көргөндө жактырган (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 37 жаштагы тургуну Замира Сагыналиева маданият тармагында 7 жылдан бери эмгектенип келет. Аны жолдошу бир көрүп эле жактырып калган. Замира жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен маданиятты тандаган жокмун, маданият мени тандады окшойт. Себеби турмушка чыккандан кийин маданият тармагына барууга туура келди. Ошол учурда Сокулуктагы Кайназарова атындагы музейге жумушчу керек болуп, мага сунуш кылышкан. 2011-жылдан баштап музейде эмгектенип жүрүп, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алдым. Ортодон Сокулук маданият үйүнүн бөлүм башчысынын милдетин бир нече жолу аткардым. Ал жактагы чогуу иштеген ырчыларды көрүп, мен да ырдаганды өздөштүрүп алдым», - деди ал.

Замира Сагыналиева Сокулукка турмушка чыгып, жолдошу менен бирге түтүн булатып жашап жатканына 20 жылдын жүзү болду.

«1998-жылы Бишкек коммерциялык колледжди аяктагандан кийин турмушка чыктым. Жолдошум менен таанышыкан учур кызыктуу болгон. Биздин окуу жай акыркы курста өндүрүштүк практикага жиберчү. Кесибим боюнча Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде иштеп калдым. Ошол жактан жолдошум менен таанышып калгам. Анда жолдошум тамактанганы келип, бир тамакка буйрутма кылды. Бирок ал тамак оюндагыдай болбой дароо ашканадан мени чакыртышты. Барсам, жолдошум мени тигилип карап, алдындагы тамакты унчукпай жеп кирди. Кыязы бир көрүп эле сүйүп калды окшойт. Баш кошкондон кийин бышырган тамактарымды жактырып жеп калды. Экөөбүз эки кыз, эки баланы тарбиялап өстүрдүк. Улуу кызыбыз медицина тармагында окуп жатат. Андан кийинки уулубуз Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв спорт мектебинде окуп, дзюдо боюнча машыгат. Үчүнчү уулум 5-класста окуса, кенже кызым 4 жашта. Уул-кыздарым элге пайдасы тийген мыкты инсандардан болсо деп тилейм», - деди ал.

Анын апасы билим берүүнүн отличниги болсо, атасы учурда Транспорт жана жолдор министрлигинде эмгектенет.

«Борбор калаабыздагы №20 мектеп-гимназияда окуп, 1995-жылы Бишкек коммерциялык колледжге баргам. Билим алууну 2014-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде улантып, быйыл аяктадым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1213
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×