При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Базар-Коргон айыл аймагынын жооптуу кызмат адамдарына жер сатуу боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз токтом кабыл алып, Катта-Тегирмен каналынын жээгинде жайгашкан 76,5 чарчы метр жер тилкесин Б.Д. аттуу жаранга 19 миң сомго сатып жиберишкен. Бул тууралуу облус прокурорунун орун басары Рахманберди Нурмаматов өкүлчүлүктүн аппаратынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери талкууланган координациялык кеңеште билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2015-жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жооптуу кызаткерлери жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузушкан. Тактап айтканда, Катта-Тегирмен каналынын жээгиндеги жер тилкесин жеке менчикке берүүгө болот деген мыйзамсыз корутунду чыгарып беришкен.

«2016-жылдын февраль айында Базар-Коргон айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери бул корутундунун негизинде мыйзамсыз токтом кабыл алып, андагы жер тилкени Б.Д. аттуу жаранга 19030 сомго мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү, 305-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деди прокурордун орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу