При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Сузактын Ырыс айыл аймагында жасалма документ менен 19 адамга үй курууга жер берилген

Turmush -  Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жасалма документ менен 19 адамга үй курууга жер берилген.

Жалал-Абад облустук прокуратуранын маалыматына караганда, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Ырыс айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып, документтерди жасоо жолу менен 19 адамга турак жай куруу үчүн жер тилке беришкен.

«Өз ара сүйлөшүүлөрдүн арты менен айыл аймактын Лавдан-Кара айылынан айыл чарба багытындагы 0,98 гектар жер тилкеси үй тургузуу үчүн 14 адамга берилген. Ушул эле айылдан дагы 0,35 гектар жер тилкеси 5 адамга берилген. Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү, 166-берененин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалы жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 385
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу