Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Камышановкадагы мектепте кошумча 2 класс жана жаңы китепкана ачылды

Turmush -  Сокулук районунун Камышановка айылындагы №1 орто мектепте кошумча 2 класс жана жаңы китепкана ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

«9-август күнү ачылыш аземи болду. Жаңы ачылган кошумча 2 класс жана китепканага уюмдардын бири демөөрчүлүк кылды. Аталган китепкана 2005-жылдан бери оңдоп-түздөөдөн өтө элек болчу. Кошумча 2 класс мурун керексиз буюмдар турган кампа болчу. Эми 526 окуучубуз жаңы китепканадан китеп окуп, билимдерин тереңдете алышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×