При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото — Таласта жолду кеңейтүүдө чарбактары талкалангандардын көйгөйү чечилбей жатат

Turmush -  Талас шаарында жаңыдан курулуш иши аяктап жаткан жолго байланыштуу айрым тургундар нааразычылыгын айтууда. Аймактык кабарчы алардын көйгөйлөрүн укту.

Ч.Айтматов көчөсүндөгү №420 үйдүн 64 жаштагы тургуну Канымбүбү Исмаилова менен №422 үйдүн 57 жаштагы тургуну Гүлжамал Кубееванын айтымында, алардын үйлөрү кайрылыш жерде, ылдый тарапта жайгашкандыктан, коопсуздук үчүн деп жол боюна 2 метрлик дубал тургузулуп жатат.

«Мен 6 баланын апасымын. Бул жерде жашаганыма 30 жыл болду. Акыркы 5 айдан бери биздин үйдүн жанына бийиктиги 2 метр 70 см болгон дубалдын пайдубалы курулуп жатат. Жолду казып, топурагын чарбагыма ыргытып салышкан. Үйдүн астынан суу аккан арык дагы жабылып, жашылчага сууну кудуктан ташыйбыз. Үйдө 82 жаштагы апамды багам. Дубалдын бийиктигинен эч жакка чыга албайт. Үйүбүз чуңкурда калып калат. Үй менен көчөнүн ортосун ченесек 3 метрден бир аз гана ашык чыгып жатат. Кышында кокус унаалар тайгаланса биздин үйгө кирип кетиши мүмкүн. Кар, суу каптайт деген коркунуч бар», - деди Гүлжамал Кубеева.

(82 жаштагы Кубеева Калбүбү апа)

Канымбүбү Исмаилованын айтымында, жолду кеңейтүү учурунда дарактарын кыйып салышкан.

«Үйүм 1971-жылы курулган. 5 ай мурда «жол салабыз» деп бардык тал-терегимди кыйып башташкан. Учурда үйүм турган жерден 3 метр бийикте жолдун пайдубалы курулууда. Мен жашаган тилке саздуу болгондуктан тал-теректин бардыгы кыйылып, саз күчөп кетти. Эч кандай жашылча тиге албайм же көчөгө дурустап чыга албай кыйын акыбалда калдык. Үйдөн пол астынан суу чыгып, дубалдар көгөрүп жатат. Балдарды дагы көчөгө чыгаруудан коркобуз», - деди Исмаилова.

Ал эми, Талас шаарынын мэри Айдарбек Жузупбековго бул маселеде мэрия эч нерсе кыла албай тургандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу