При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

ӨКМдин Нарындагы башкармалыгын полковник Т.Шонкоев жетектейт

Turmush -  Милициянын полковниги Шонкоев Токтобек Казиевич Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Жаңы жетекчи 1968-жылы Нарын районундагы Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинен жогорку билим алып, «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган.

Т.Шонкоев

Шонкоев.Т.К фото

Өзгөчө кырдаалдар министри июль айынын аягында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктардын жетекчилерин да алмаштырган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 311
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:01,   17.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу