Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Нарындагы кичи футбол мелдешинде өзгөчөлөнгөн кылмыш жана жаза аткаруу кызматкерлери акчалай байге алышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарында кылмыш жана жаза аткаруу мекемелериндеги кызматкерлердин арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште №24 мекеменин командасы 1-орунду ээледи, деп маалымдайт кабарчы.

Маалыматка караганда, 7 команда катышкан мелдеш Тилек Абылгазиевдин жаркын элесине арналып уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга №24 мекеменин командасы чыгып, кубок, диплом жана медаль менен сыйланды. 2-орунду ардагерлер командасы ээлесе, 3-орунга 2025-аскер бөлүгүнүн командасы чыкты.

Ошондой эле, оюнчулардан Калыбек Оморов «Мыкты дарбазачы», Кубандык Кудайбергенов «Мыкты чабуулчу», №50 СИЗО мекемесинин оюнчулары «Мыкты команда» деп табылып, баалуу белектер берилди.

Иш-чаранын соңунда Т.Абылгазиевдин үй-бүлөсүнүн атынан командаларга ээлеген орундарга жараша 5 миң, 3 миң жана 2 миң сом өлчөмүндө, оюнчулардын ар бири 2 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×