Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Кара-көлдүк 33 жаштагы Нурбек Түркияда жеке фирма ачып, докторлук ишин жазып жатат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы – Кара-Көл шаарынын 33 жаштагы тургуну Нурбек Табышев. Ал учурда Түркия мамлекетинде жеке ишкерчилик менен алектенет. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен маектешти.

- Нурбек мырза, Түркияга эмне максат менен бардыңыз эле?

- Түркияга билимимди улантуу максатында баргам. Ага чейин Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетин бүтүрүп, Түркиядагы Жакынкы чыгыш техникалык университетинин магистратурасына өткөм. Аны аяктагандан кийин докторантураны окуп, учурда докторлук ишимди жазып жатам. Кесибим боюнча компьютердик инженер, программистмин. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйм.

- Билим алып жүрүп, жеке ишкерчилик менен кантип алектенип калдыңыз?

- Окуп жүргөн учурда 4 жыл экспорт менен иштедим. Түрктөрдүн 3 чоң фабрикаларында экспорт менеджери, андан кийин директору болуп эмгектендим. Окуу менен катар өзүмдүн жеке фирмамды ачтым. Анда виза, документтерди алуу боюнча жарандарга кеңеш берем. Мындан тышкары, экспорт, импорт тармагында иш алып барам. Тагырак айтканда, Россия, Казакстан, Кыргызстандагы кардарларга Түркиядан товар жөнөтүп турам. Ишкерчиликтен тышкары Анкарадагы кыргыз диаспорасы уюштурган коомдук иш-чараларга активдүү катышам.

- Өз мекениңизге кайтып келип, жеке ишкерчиликти уланткыңыз келеби?

- Албетте, өз мекениме кайтып келүүнү каалайм. Ал үчүн Анкарадагы иштеримди жөнгө салууну пландап жатам. Кыргызстанга келгенде айыл чарба, мал чарба жана билим берүү тармагында иштегим келет. Биздин өлкөдө юрист, программисттердин аз эле болгону жакшы. Анткени, биз кытай элиндей телефон чыгара албайбыз. Ошондуктан биз айыл чарба багытын өнүктүрсөк болот. Ошол багытта мыкты кадрларды даярдасак болчудай. Маселен, сапаттуу эт, айыл чарба продукцияларын чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Эттин баасын төмөндөтүүбүз керек. Ал үчүн эт өндүрүүдө заманбап технологияларды колдонуубуз зарыл. Жаштарыбызды TOEFL, SAT, GRE сынактарына даярдап, аларды дүйнөнүн алдыңкы 200 окуу жайдан бекер билим алууга шарт түзүп берсек жакшы болор эле. Себеби, күчтүү өнүккөн өлкөнү билими күчтүү мыкты кадрлар башкарат.

- Чет жерде ишкердик менен алектенүү кыйынга турса керек...

- Түркия мамлекети ишкерлерге жакшы колдоо көрсөтөт. Анткени бул өлкө дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчү өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул жактан өндүрүлгөн товарларды сыртка сатып, чет жерлерге чоң көргөзмөлөргө алып чыксаң жатакана, жол киресине чейин төлөп беришет. Ишкерлерге пайызсыз насыяларды беришет. Банктар экспорт жана импорт менен алектенген ишкерлерге 15 миң доллардан 70 миң долларга чейин үстөксүз насыяларды 3 жылдык мөөнөткө чейин беришет. Түрк эли кыргыздарды боордош, тууган эл катары кабыл алышат. Мисалы, мен окуган университетте түрк студенттерине акы төлөөдө кандай жеңилдиктер каралса, кыргыз студенттерине дагы ошондой жеңилдиктер каралган. Ал эми Европа өлкөлөрүнөн келген студенттерге окуу акысын төлөөдө өзүнчө төлөмдөр көрсөтүлгөн.

- Анкара шаарында жашап жатканыңызга канча жыл болду?

- Түркияга келгениме 10 жылдай болуп калды. Бул убакта түрк элинен көп нерсени үйрөндүм. Түрк эли күжүрмөн, мээнеткеч келишет. Алардын эмгекчилдигин кумурскага салыштырат элем. Түрктөрдүн жумушчу классындагы адамдардын оюнда эс алуу деген түшүнүк жок. Бир жылда 365 күн иштеп жүрө беришет. Эртең менен ишке кечикпей келишет. Кечинде өздөрүнө тапшырылган ишти бүтмөйүнчө түнгө чейин иштеп калышат.

- Чет жерде иштеп жүрүп, өз өлкөңүзгө кандай пайда келтире алдым деп ойлойсуз?

- Биз кыргыз жараны болгондуктан, өз өлкөбүздө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турабыз. Шайлоо же дагы башка иш-чаралар болсо сөзсүз катышабыз. Түркияга келген мекендештерибиз ар кандай жагдайларга туш болуп калат, аларга жардам берип турабыз. Кыргызстандагы жакындарыбызга, туугандарыбызга, студенттерге жардам көрсөтөбүз. Анкарага келип ооруканадан дарыланган мекендештерибиз бар. Алардын арасында тил жана өз укуктарын билбегендери кездешет. Аларга колдон келген жардамдарды берип турабыз. Ошондой эле, Түркияда иштеп, окуп жүргөн кыргыздар майрамдарда чогулуп, ар кандай спорттук, маданий иш-чараларды уюштуруп, коомдук иштерге активдүү катышабыз. Мисалы жумасына 2 жолу футбол ойнойбуз.

Н.Табышев үй-бүлөсү менен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14518
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×