Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Ы.Муктарбеков колдору иштебесе да буту менен музыка ойноп, тойлордо кызмат кылат (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 27 жаштагы тургуну Ырыскелди Муктарбеков колдору менен эч кандай жумуш жасай албагандыктан, бардык жумуштарды буту менен жасаганды үйрөнгөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты. 

Анын 87 жаштагы чоң энеси Гүлкан Борукееванын айтымында, буту менен телефондорду да оңдойт.

«Туулганда дени соо болчу. Кийин эле ушундай болуп ооруп калды. Жылына 2 жолудан 3 жыл катары менен дарыланып, 1 жыл мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде окуду. Тамакты буту менен ичип, телефон оңдойт, тойлордо синтезатор ойнойт. Айыл ичинде мени унаасы менен жакын жерге таштап коет. Айтор, керектүү жумуштарды буту менен жасайт. Жайы-кышы бутуна байпак кийбейт. Айрыкча кышта тойго алып кетишкенде жылаңач буту менен жумушун кылууга туура келет», - деди ал.

Уста-музыкант өзү бир тойдон 2-3 миң сом акы ала турганын кошумчалады.

«Бутума байпак кийсем кап кийгенсип жүдөп кетем. Бардык мезгилде бутума эч нерсе кийбей жүргөнүм көнүмүш адат болуп калды. Кышында суук болот, бирок бутум чыдамдуу. Музыкага болгон кызыгуум кичинемден эле башталган. Музыкага кызыгып, бардык жабдыгы менен тойлор үчүн деп синтезатор сатып алгам. Бир тойдон 2-3 миң сомго чейин табам. Видео монтаждап, телефондордун программасын оңдойм. Унаа айдаган абдан жагат. Төө буурчак өстүрүп тапкан акчама унаа сатып алдым. Аны айылда үйдүн тегерегинде айдайм», - деди ал.

1-топтогу майып жаран катары каттоого алынган Ырыскелди Муктарбеков үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1830
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×