Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.11.-0001 00:00

Айыл турмушу: Ак-Суу токойчулугу экологиялык таза кыямдардын түрүн даярдоодо (фото)

Turmush -  Ак-Суу токойчулугу токой азыктарынан кыямдарды даярдоону баштады. Бул тууралуу аталган токойчулуктун башчысы Бакыт Ыбыкеев билдирди.

Анын айтуусунда, 2016-жылы токойчулук БУУнун Өнүктүрүү Программасына токой азыктарын рационалдуу пайдалануу боюнча долбоор жазып, утуп алышкан.

«Бул 5 миң долларлык долбоор боюнча Кытайдан кыям жасоочу жабдуулар алынып келинип, иш башталган. Эң эле көп чыгара турган азык кызыл карагайдын төө бурчагы эле, андыктан, быйыл бир аз кечигип калдык. Ошондой эле, кыямдар кызыл карагайдын төө бурчагынан, ышкындан, каакымдан, грек жаңгагынан жасалды. Кыям жасоо биз ойлогондон дагы татаал процесс экен. Бизге тажрыйбалуу технолог кабыл алынды. Ошондой эле, JICA фондунун кызматкерлери жардам көрсөттү. Алар идиш, кумшекер, кеңеш жагынан жардам беришти. Келечекте биз кыямдарды чет өлкөлөргө чыгаруу боюнча аракеттерди жасайбыз. Ал үчүн биз эл аралык стандартка туура келгидей цех куруп алдык. Кийинки жылы толук иш жүргүзө баштайбыз. Биздин эң башкы максат - токойдун экологиялык жактан таза продукциясын чогултуп, элге таза азык сунуш кылуу. Ошондой эле, айылды жумуш орундарын түзүп, токой азыктарын сатуу менен токойчулуктун бюджетин толуктоо. Октябрь айында ит мурун, чыны карагат, чычырканактан кыям жасайбыз. Келечекте 10 миң банкага чейин кыям чыгарабыз деген планыбыз бар», - деди Б.Ыбыкеев.

Анын айтуусунда, цех толук иштей баштаганда 10 киши иш менен камсыз болот. Андан сырткары, продукция чогултканга 20 киши ишке тартылылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×