Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Оштун тургуну бассейнге эс алууга алып барган аялын сабап өлтүрдү

Turmush -  Ош шаарында бассейнге эс алуу үчүн алып барган аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды.

Ош ШИИБдин билдирүүсү боюнча, аялдын денеси 5-август күнү саат 18:55 чамасында Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү үйүнөн табылган. Алгачкы текшерүү иштеринде эле маркумдун денесинде физикалык күч колдонулгандан кийинки тактар бар экени белгилүү болуп, окуянын чоо-жайы аныкталды.

Маалыматта айтылгандай, окуя болгон күнү 1978-жылы туулган О.Н. күйөөсү менен бирге үйүнө жакын жердеги бассейнге эс алуу үчүн барышкан. Ал жерден алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Ошол жерден күйѳѳсү аялын бир нече жолу муштум менен уруп, жабырлануучу оор абалда экенине карабастан үйүнө алып барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аял үйүнө жеткенден кийин каза болгон. Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары жабырлануучунун күйөөсү — 1973-жылы туулган Н.Н. кармалды. Ал тергөөдө аялын бассейнде кѳпчүлүктүн кѳзүнчѳ бир нече ирет муштаганын айткан.

Шектүү камакка алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берене менен козголгон иш тергелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5137
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×