Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68,58    80,93    1,19    KZT 0,2
Чүй

Айыл турмушу: К.Малабаев Францияда терисинен 7 миң долларлык тондор тигилген коёндорду багууда (фото)

Turmush -  Сокулук районунун тургуну Калыбек Малабаев рекс породасындагы коёндорду багып жатат. Аймактык кабарчы анын коёндорун көрүп кайтты.

Өзүнүн айтымында, ал баккан коёндор 1 жылда 50 бөжөккө чейин төлдөйт.

«Учурунда мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрдүм. Ал кызматтан кетип, жеке ишкерлик баштоону, өзүмө жаккан фермерчиликти улантууну көздөдүм. Карап көрсөм, дүйнөдөгү кирешелүү үй жандыктарынын статистикасы боюнча коён 3-орунда турат экен. Ал эми, уйлар 15тен кийинки орундарда турат. Акыры коён багууну чечип, 3 жыл мурда Кытайдан рекс породасындагы 3 айлык бөжөктөрдү 4 миң сомдон сатып келдик. Бирок, биздин өлкөдө коёндун эти жакшы өтпөйт экен. Себеби биз кыргыздар кой, жылкынын майлуу эттерин жегенге көнүп, калориясы аз, ден соолукка пайдалуу коендун этин көп баалабайт экенбиз.

Рекс породасын Францияда шиншилла менен коенду аргындаштырып алышкан. Булардын терилери өтө кымбат болот. Рекс деген аталышы биздин тилге которгондо коёндордун падышасы деген маанини берет. Териси дүйнөдө өтө баалуу. Францияда ушул коёндон тигилген тондор (шуба) 6-7 миң доллардан сатыларын уктук. Кытайлар бул коёндорду 1959-жылы Франциядан алып келген. Азыр Кытайда булардын терисин дүйнө жүзүнө сатып жатышат. Салмактары 4-4,5 кг чейин барат», - деди ал.

Фермер баккан коёндор ай сайын 8-14 бөжөк төлдөгөнгө жөндөмдүү. Бирок, бир ай эс алдырып, экинчи айда төл алып турат.

«Кытайда бул коёндор жылына 10 жолу төлдөйт. Биз 1 жылда 6 жолу гана төлдөтөбүз. Антпесе кыйналып калат. Эң аз дегенде 1 жылда 50 бөжөк төлдөп берет. Бир айда эң көп тууганы 14кө чейин барат. Бирок, 14 бөжөктү бакканга сүтү жетпейт экен. Булар 8 бөжөктү бакканга күчү жетерин билдим. Бөжөктөр чоңойгондо союп, этин 200 сомдон өткөрсөк, терисин 1000 сомдон сатабыз. Коёндордун сырткары фермага уй, бука кармайбыз. Келечекте төө куш баксак деген ой бар», - деди ал.

Калыбек Малабаев 1963-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда төрөлгөн.

«Сокулук районуна көчүп келгенибизге көп болду. Келинчегим экөөбүз 6 кыз, 2 уулду тарбиялап жатабыз», - деди фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1122
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×