Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуТалас району 12.10.2017 13:13 Жаңыланды: 11.12.2017 13:29

Айыл турмушу: Таластык А.Кудакеев 900 тоок багып, күнүнө 500дөн ашык жумуртка алат (фото)

Turmush -  Талас районунун Кызыл-Туу айылынын 48 жаштагы тургуну Ажыгул Кудакеев 4 жылдан бери тоок фермасын иштетип келет. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Анын айтымында, тоок фермасын ачуу боюнча Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп, баардык шарттарын үйрөнүп келген. Тооктун жөжөлөрүн Бишкек шаарынан алып келип өстүрүшөт. Учурда декалб породасындагы 900 тоок багылып жатат.

«Азыркы учурда 900 тоок багып жатабыз. Бизден жумуртка алган соодагерлер башка жактарга өткөрүшөт. Ферманын ичине үй-бүлөмдөн башкалар кирбейт. Анткени сырттан бактерия, оорулар кирбеши керек. Кышында 22 градуста багылса, жайында 30 градуска чейин болот. 2 маал жем беребиз. Ар бир тоок күнүнө 120 грамм жем жейт. 900 тоок күнүнө 100 кг ашык жем жейт. 1 кг жемди 24 сомго алабыз. Жумурткаларын жайында 6 сомдон өткөрсөк, кыш мезгилинде 6 сом 50 тыйындан сатылат», - деди ал.

Ажыгул Кудакеев 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×