При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Түптүк сүрөтчү К.Мусаев А.Атамбаевге 8 жылдан бери чогулткан табигый өзгөчөлүктөгү таштар менен белек даярдады (фото)

Turmush -  Түптөгү Күрмөнтү айылынын тургуну Кадырбек Мусаев 8 жылдан бери чогултуп келген табигый өзгөчөлүктөгү таштардан президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын жазды. Өзү Turmush басылмасынын кабарчысына тактага тизилген 16 таштын ар бирин Кыргызстандын кайсы жеринен, кантип тапканын айтып берди.

«Президентибиздин аты да, фамилиясы да 8 сандан турат. 8 санына тиешелүү чиймелер, схемалар да бар. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аты-жөнүн таштардан жазып чыгып, белек кылуу менен сый көргөм. Россиянын президенти Владимир Путиндин атын дагы былтыр жазып даярдадым. Бирок, аны кандай жол менен өзүнө бере турганымды билбей жүрөм», - деди Кадырбек Мусаев.

Белекти тапшыруу үчүн А.Атамбаевдин өзүнө жолугуп калсам 8 санына байланыштуу кызыктуу сырларды айтып берем, деп кошумчалады.

Кыргызстан менен Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү К.Мусаев учурда үйүндө добулбастын түрлөрүн жасап, япондордун улуттук аспабы тайко добулбасын оңдоп-түзөө менен алектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 685
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×