Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндөгү О.Турсуматов атындагы мектепти ушул жылга чейин эки гана директор жетектеди (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы Бер-Булак айылындагы О.Турсуматов атындагы орто мектеби 1996-жылы ачылган. Ал союз тарай электе курулуп баштап бирок, толук бүтпөй эгемендүүлүктү алган жылдары толугу менен бүтүп, ишке берилген. Анда жалпы 330 окуучу окуйт. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гулнара Мамбетиманова билдирди.

«Мектеп 1996-жылы 24-ноябрда ошол учурдагы премьер-министр А.Жумагуловдун катышуусу менен ачылган. 2002-жылы Таш-Дөбө айылдык жана Аламүдүн райондук кеңештин чечиминин негизинде мектепке мамлекеттик ишмер Ормонбек Турсуматовдун ысымы берилген. О.Турсуматов учурунда Аламүдүн райондук райисполкомдун 1-катчысы, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Чүй облусунун Москва районунда төрөлгөн. Ал эми, мектепке биринчи директору болуп, 1997-жылы 11-январда Зыйнаш Иманкулова дайындалган. Кийин ал 2010-жылы 1-декабрда өз каалоосу менен кызматынан кетип, азыркы учурда мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө. 2010-жылы 2-декабрда мени мектептин директору кылып дайындашкан. Ошондон бери ушул окуу жайды жетектеп келе жатам», - деди ал.

О.Турсуматов атындагы орто мектебинин ийгиликтери:

- 2011-жылы республикалык «Айылдык мыкты мектеп» сынагында 4-орун, ушул эле жылы мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасында 106 байгелүү орун, облустук олимпиадада 26 байгелүү орун, ал эми, республикалык олимпиадада 3 байгелүү орунга жетишкен.

- 2014-жылы «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын республикалык баскычында 3-орун, 2016-жылы да 3-орунду багындырды. Мектептин бир нече окуучулары «Акыл ордо» интеллектуалдык теле таймашынын жеӊүүчүлөрү болушкан.

- Жалпы билим берүү мекемесин жаӊы окуу жылына даярдоо боюнча облустук жана райондук мамлекеттик администрациясынын сынактарында байгелүү орундарды алган.

- 2016-жылы орус тили жана орус адабиятынын мугалими Айнуру Алымкулова КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин Москва шаарындагы IV съездине делегат болуп катышып келди.

- Н.А.Некрасовдун 195 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык көркөм окуу сынагында 8-класстын окуучусу Улан кызы Ырыс 2-орунга жетишти.

- 2016-2017-окуу жылында «Жыл мугалими-2017» сынагында география мугалими Мырзагүл Аскарова райондук жана облустук баскычтан 1-орунга ээ болду.

Ошондой эле, аталган окуу жай «Алиппе ТВ» долбоорунун 1-пилоттук мектеби катары кирген.

Мектепте жалпы 330 окуучу окуп, 20 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1477
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×