При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Кара-Сууда апалар сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 19-майда Кара-Суу райондук администрациясы Энелер күнүн утурлай фермер, дыйкан чарбасында иштеген 100дөн ашуун апаны сыйлады.

«Дыйкан чарбасындагы аялдарды эскергендер өтө аз. Биз дал ошол аялдарды тандап алып, сый тамак уюштуруп, белек берип, концерттик программа тартууладык. Коноктордун эң улуусу 100 жаштагы эне болду. Учурда биз сыйлаган аялдардын көпчүлүгү небере багып отургандар. Аларга деле эс алуу, көңүл көтөрүү, пикир алмашуу зарыл. Биз мындай шарттарды түзүп берип жатабыз», - деди Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева.

Кара-Суу районунда баатыр энелердин саны 1 миңден ашат. Учурда ар бир айыл өкмөт Апалар күнүн өткөрүп, баатыр энелерди жана эмгектин алдыңкыларын сыйлап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу