При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Аламүдүндө Энелер күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, Аламүдүн районунун администрациясынын башчысы Касымбек Чодуров жана анын орун басары Айбек Кулубаев, Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов, КСДПнын Аламүдүн району боюнча координатору Жумагүл Мендешева жана башкалар аталган райондун энелерин куттукташты.

Андан соң энелерге чакан программадагы концерт тартууланды. Анда Россиянын ырчысы Филипп Киркоровду туурап, пародист Михаил Колюжный ырдап чыгып, ырчы Токтобек Асаналиев жана Азамат Сарыбаев жандуу үн менен чыгармаларын аткарып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×