Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Майлуу-Сууда 33 жаштагы аскер кызматкери каза болду

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүктө аскер кызматкери каза болду.

Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, 18-майда катардагы аскер А.Т. унаа менен кокустан 1984-жылы туулган Т.М. аттуу аскер кызматкерин сүзүп алган. Жыйынтыгында Т.М. Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилип, алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган окуя сейил бакта техникага пландык тейлөө жүргүзүү учурунда катталган. Бул факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскердик прокуратурасына маалымдалган жана жеке иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:28,   23.09.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу