Маалыматка караганда, 14-майда саат 18:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 83-чакырымында Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы тургунун сүзгөн айдоочу, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, жабырлануучу аймактык ооруканада эсине келбей каза болгон.
Милицияга Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну күнөөсүн мойнуна алып келгенден кийин, анын «Мазда-Атенза» үлгүсүндөгү унаасы табылды.
Азыркы тапты Кемин РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш ишин козгоду.
Айдоочу Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалды.
Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда 14-майда болжол менен саат 18:20 чамасында «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаа бир кызды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
«Биз Ысык-Көлдөн үй-бүлөбүз менен келе жатып, «Мазда» унаасынын айдоочусу бир кызды сүзүп, ал дароо изин жашырып качып кеткен окуяга күбө болдук», - деди күбөлөр.