Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдагы айылдарда куураган бак-дарактар кооптуу абалда турат, - тургундар

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой жана Арал айылдарындагы көчөлөрдүн жээгиндеги куураган бак-дарактар кыркылбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундагы билдиришти.

Алардын айтымында, бул бак-дарактарга суу жетпей куурап калган. Катуу шамал болгондо айрым бактар кулап түшкөн бойдон жыйналган эмес.

«Бул бак-дарактар райондук жол тейлөө мекемесине карайт экен. Ушул куураган бактарды кыйдырып салышса жакшы болмок. Айылдын көркүн да бузуп жатат. Андан сырткары, кооптуу абал да жаралууда. Бак-дарактардын жанынан өтүп баратсаң кулап кетчүдөй абалга келип калды», - деди тургундар.

аймактык кабарчы
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 893
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
18:21,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×