При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Кадамжайда «Шамбесай» алтын кен долбоору боюнча презентация өткөрүлдү

Turmush -  Бүгүн, 19-майда, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында «Шамбесай» алтын кен долбоорунун кезектеги презентациясы болуп өттү. Бул жолу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан презентация уюштурулду. Ага Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, санитардык-эпидемиологиялык станциясынын, суу чарба баркармалыгынын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын, укук коргоо органдардын райондук бөлүмдөрү жана Майдан жайыт комитети катышты.

«Кадамжай районунда 105 тоо-кен компания лицензия алган. Бирок алардын 15% гана ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Бул көрсөткүч өтө төмөн. Анткени Кадамжай районунун потенциалы чоң. Райондун тоо-кен тармагындагы потенциалын пайдаланууга көңүл буруу керек», - деди Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров.

Бүгүнкү презентациянын максаты – «Шамбесай» долбоору боюнча толук маалымат алуу жана кызыктырган суроолорду берүү болду.

«Z-Explorer» компаниясынын өкүлдөрү билдиргендей, «Шамбесай» долбоору учурда деталдуу долбоорлоо стадиясында. Азыркы убакка чейин экология, өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо боюнча бардык керектүү экспертизалар алынган. Жайында башка экспертизаларды жана уруксаттарды алуу пландаштырылууда.

Жергиликтүү жашоочуларды кооптондурган негизги суроолордун бирине карата компаниянын өкүлдөрү маалымдагандай, өнөр жай агындылары кендин аянтынан тышкары агып чыкпай тургандай болуп иштер долбоорлонууда. Кенде суюк цианид эритмесин пайдалануу менен үймөктөп жана чанда шакардоо ыкмасы колдонулат. Бул ыкманын башкалардан артыктылыгы азыраак тобокелдиктер болуп саналат. Анткени суюктук туюк капты талап кылбайт.

«Биз жашоочулардын тынчсыздануусун түшүнөбүз жана курулуш, кенди иштетүү жана ишкананы жабуунун бардык баскычтарында иштердин коопсуздугун камсыздайбыз. Ошондой эле, айлана-чөйрөгө тоо-кен жана башка иштердин мүмкүн болгон таасирлерин азайтууга жана көзөмөлдөөгө умтулабыз», - деди регионалдык менеджер Эмиль Бөрүбаев.

Селдердин алдын алуу үчүн суу буруучу каналдарды жана дамбаларды куруу каралган. Алар жаандын сууларын айылдан жана фабрикадан коопсуз тарапка буруу үчүн багытталган.

Мындай презентациялар буга чейин Кадамжай районунун Майдан, Марказ жана Масалиев айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, айыл өкмөтү жана жашоочулары үчүн өткөрүлгөн. Ушул жылдын февраль айынын тартып Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жана «Z-Explorer» компаниясы менен биргеликте Казакстандагы Когадыр жана Кыргызстандагы Талды-Булак Сол-Жээк кендерине таанышуу сапарларды уюштуруп, «Шамбесай» долбоору боюнча Бишкекте тегерек столдорду, Ош шаарында жана Кадамжайда семинарларды өткөргөн.

«Азыр жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатабыз. Мындан тышкары, кенде иштер азырынча баштала элек болгонуна карабастан, айыл өкмөт менен кызматташтыкта жолдорду оңдоо, дарактарды отургузуу, күнөскаларды куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Келечекте жумушка орноштуруу максатында кадрларды даядрдоо үчүн 15-майдан тартып Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Тармактар аралык окуу борбору менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларды окутууну баштадык. Жергиликтүү жашоочулардын өтүнүчү боюнча жакын арада Майдан айылын таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырып жатабыз. Биздин биргелешкен долбоорлорубуз региондун жашоочуларынын саламаттыгын жана жыргалчылыгын камсыздоого салым кошууга багытталган», - деди ишкананын өкүлдөрү.

Маалымат үчүн: Шамбесай алтын кени Баткен областынын Кадамжай районунун Майдан айыл округунда жайгашкан жана 2008-жылы «Z-Explorer» ЖАК тарабынан табылган. Мамлекеттик баланска коюлган алтындын запасы 7848 кг түзөт. 2017-жылдын январында Кытай Эл Республикасынын Guizhou Geological and Mineral Resources Development Company Limited мамлекеттик ишканасы ээлик кылган «Tiandi International Mining Co. Limited» кытайлык компаниясынан толук каржылоо алынган. Алтынды өндүрүүдөн жана сатуудан республикалык бюджетке, анын ичинде жергиликтүү бюджетке 2 млрд сомго жакын салыктык төлөмдөрдүн түшүүсү күтүлүүдө (алтындын бир унциясынын баасы - 1,200 АКШ доллары боюнча). Алтынды сатуудан түшкөн пайданын эки пайызы Кадамжай өнүктүрүү фондусуна жана Майдан айыл округунун бюджетине түшүп, долбоор баштан-аяк жүзөгө ашырылып жаткан мезгил ичинде 200 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2083
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×