При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

«Мекендештер»: Россияда иштеген жалал-абаддык А.Көкөева Москва шаарына чачтарач ачты (фото)

Turmush -  «Мекендештер» долбоорунун кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылынын 27 жаштагы тургуну Адина Көкөева.

Ал учурда Россиянын Москва шаарына чачтарач ачып, иштетип жатат.

«Үйүмдөгүлөр насыя алып, аларга жардам берүү максатында Москвага иштегени келгем. 2009-жылдан бери ушул жерде жүрөм. Жаңы келгенде 5 ай адам багып иштеп, андан соӊ чачтарачка тазалоочу болуп ишке орноштум. Ошондо кыздардын чач кыркып жүргөндөрүн көрүп, бир аз үйрөнүп алгам. Кийин ушул эле жерге чачтарач болуп жумушка кирип, иштеп баштагам. Андагы администраторлор мени колдошуп, пенсионерлерди мага жиберишчү. Ал эми, ал жерде иштегендер мага чач кыркканды үйрөтүп, жардам беришти. Башында кээ бир кардарлар мага чачтарын тегиздетпей коюшчу. Анткени, мурда алар менин ал чачтарачта тазалагыч болуп эле эмгектенгенимди көрүшкөн. "Бул кыз кантип эле чачтарач болуп кетти?" деп айтышчу. Бирок, мени чанган кардарлар кийин мага келишти. Башка жерге иштеп кетип калсам да, ошол жерге издеп келип жүрүштү. Эми болсо жеке чачтарач ачып, иштетип баштадым. Быйыл чачтарач болуп иштегениме 6 жыл болот», - деди ал.

Адина Көкөева чачты 250 рублден жогору кыркат.

«Өзүмдүн ысымым Адина эмеспи, мындан улам чачтарачымды «1 А» деп атап алгам. Бул жактагы кыргыздардын 10% менин чачтарачым жөнүндө кабарлары бар. Россияда жеке иш баштаган оор. Имаратты жөн эле ижарага алып иштете бербейт экенсиӊ. Анын толгон-токой түйшүгү, кыйынчылыгы бар. Бирок, алардын барын жеӊип чыгууга аракет кылып жатам», - деди мекендешибиз.

Азыр ал чачтарачта өзү жалгыз иштейт.

«Келечекте жаныма жумушчу алам деген максатым бар. Жаӊы ачылганы үчүнбү, айтор, күнүгө 40тан ашуун кардар кайрылып жатат. Чач кыркуу 250 рублден жогору. Ижарага алган имаратым болсо, Москванын борборундагы Рим метросунда жайгашкан», - деди ал.

Мекендешибиз Кыргызстандан келген чебер чачтарачтар Москвада чачты боёгондон кыйналарын кошумчалады.

«Эгерде бул жерде чачты туура эмес боёп берсең, кардарлар соттошконго чейин барышат. Москвада чачты кылдаттык менен кыркып жана боёп бериш керек. Антпесе аябай карашат. Алтургай Кыргызстандагы белгилүү стилист, чачтарач Замира Молдошевадан үйрөнүп келген сиӊдилерим да, чач боёгондон кыйналып жүрүштү», - деди мекендешибиз.

Адина айым мындан тышкары үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүн сатып алып, аны кайра 5 миң рублден 15 миң рублге чейин ижарага берет. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы.

«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчисимин. Т.Тыныбеков атындагы № 16 орто мектебин аяктагам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу