При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Видео - Баткендеги мектепте өрттөлгөн заттан ууланган 7 окуучу ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 18-майда Баткен облусунун Бужум айылындагы мектептин 7-классынын окуучулары массалык түрдө химиялык затка ууланышты.

Буга чейин АКИpress агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен 7 окуучу жабыр тарткандыгын кабарлаган.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуучулар жаткан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышты. Окуучулардын ата-энелери аларга балдарынын уулангандыгы жөнүндө кечки саат 17:00 чамасында айтышкандыгын билдиришти.

«Кызымдын акыбалы оор. Эмне болгонун жакшы түшүнгөн жокмун. Жакшы болду, бүгүн чыгат дешти эле бирок кайра оор болуп калды», - деди жабыркаган кыздардын биринин апасы.

Ал эми, атасы окуя жөнүндө кечинде саат 23:00 чамасында Ошто жүрүп уккандыгын, эртең менен айылга жетип келгендигин айтты.

«Кандай зат менен уулангандыгын билбей жатышат. Уулангандан бери 1 күн өттү. Азыркыга чейин жыйынтык чыккан жок. Эмне менен дарылаш керектигин өзүлөрү да билбей жатышат. Кечиккен сайын уу зат денеге катуу тарашы мүмкүн. Ошого тез жыйынтык чыгарып, дарыларын беришин дарыгерлерден суранабыз», - деди ал.

Ууланган кыздардын бири Жеңишбек кызы Айжан окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Биз 1-сабакта отурганыбызда эле бир бала тоголок, ак түстөгү бир нерсе көтөрүп жүргөн. «Кимиңерде күкүрт бар, күйгүзүп көрөбүз» деген. Биз унчукпай эле коридорго чыгып кеткенбиз. Коридордо жүрсөк эле башкалар «класс сасык экен» деп айтып калышты. Байкасак өрттүн жыты экен. Кайра коридорго чыксак агай «киргиле» деп, класска кайра кирдик. Бир аздан кийин дымыгып, тамагыбыз ооруп, жөтөлүп баштадык. Агай «кыйналгандар эшикке чыгып тургула» деди. Ашканадан компот ичиришти. Анан Бужумдагы ооруканага такси менен алып келишти. Азыр кечегиге караганда жакшы болуп калдык», - деди ал.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда 18-майда 7-класстын окуучусу танапис учурунда (саат 15:30 чамасы) класстын айнегинде көчөдөн таап алдым деген бир затты өрттөгөндүгү такталды. Ал өрттөгөндөн кийин сасык жытты сезип, көчөгө чыгып кеткен. Танапистен кийин класста бардык 21 окуучу тең болгон. Саат 17:30да окуучулардын айрымдары кусуп, жөтөлүп кыйнала баштаган.
Балдар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилип, алардын төртөө балдар бөлүмүнө, үчөө реанимацияда жаткырылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бүгүн, 19-майда саат 09:00до реанимациядагы балдардын абалы турукташып, балдар бөлүмүнө которулду.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Орозмамат Темировдун айтымында, эртең менен балдардын абалы канааттандырарлык болду. Балдарды амбулатордук дарыланууга чыгаруу жөнүндөгү чечим дарыгерлердин косилиумунан кийин кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1992
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу