Turmush - Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы катуу шамал 5-6 чатырды учуруп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Шамалдан тышкары нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бардык чатырларды суу каптады.
11-майга карата Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосундагы жер көчкү 45 турак жайды басып калган.
Айыл өкмөт башчысы Кутманбек Эралиевдин айтымында, айылдагы 1 ФАП, 1 мечит, 35 электр мамысы, мектеп жана айылдагы көрүстөн көчкү алдында калды. Жашоочулар буга чейин коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.
30-апрелден бери жер көчкүнүн сүрүлүү процесси токтой элек аймакта жалпы 61 турак жай жана 4 социалдык объект (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечит) жайгашкан.