При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Жумгалда «Шайыр апалар» сынагында 200дөн ашык энелер күч сынап жатышат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы маданият үйүндө ар бир айыл өкмөттөн келген энелердин «Шайыр апалар» сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жумабек Тултуков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара мындан 3 ай мурда башталган, 13 айыл өкмөтүнөн түзүлгөн ар бир «Шайыр апалар» тобу өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Бул сынакта 200дөн ашык энелер күч сынашууда. Маданият бөлүмүнүн жобосуна ылайык, сынакта апалар таанышуу, саламдашуу, «Манас» эпосунан үзүндү, дастан айтуу, каада-салттарды чагылдыруу жана таалим-тарбия, элдик обондорду аткаруу менен улуттук тамак-аштардын жасалышын көрсөтүшү керек.

Азыркы учурда шайыр апалар М.Алыбаевдин 100 жылдыгынын алкагында акындын ырларынан жана «Мен энемин» темасындагы чыгармаларды көркөм окуп, кыз узатууда эне кошогун көрсөтүп, айыл турмушунан алынган сатираларды аткарып жатышат.

«Шайыр апалар» сынагы ушул жуманын аягында Энелер күнүнө карата жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×