Turmush - Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанат Кыйлыбаев Азербайжандын Баку шаарында өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынды. Ал кечээ, 18-майда, финалда алтын үчүн азербайжандык балбан Камран Маммадов менен беттешип, андан утулуп, 2-орунга ээ болду.
Маалым болгондой, 66 кг чейинки салмакта күрөшкөн Жанат Кыйлыбаев чейрек финалда Абдулсамет Гунал аттуу спортчуну 4:3 эсебинде, ал эми жарым финалда Иорданиянын балбаны Махмуд Ахме Дахшан Ахмадды 8:0 эсебинде жеңип алды.
Буга чейин, 17-майда, грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Кыргызстандын куржунуна бир алтын жана эки коло медаль алып келишти.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.