Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Баткен облустук ооруканасында бир бөлмөдө бир нече бөлүм иштөөгө мажбур

Turmush -  Баткен облустук бириккен ооруканасында бөлүмдөрдүн өз алдынча иштешине имарат жетишпейт.

Дарыгерлердин айтымында, ооруканадагы штаттардын аздыгынан жаш кадрлар да ишин таштап кетип калышууда.

(Аким Абдуллаев)

8

«Оорукана облустук макамды алгандан кийин облустук деңгээлге жооп бериши керек. Бирок биздин оорукана райондук денгээлде калып калган. Мисалы көп бөлүмдөр ачылбай, бир бөлүмдүн ичинде эки-үч тармак иш алып барат. Облустук болгондон кийин ар бир тармак өзүнүн бөлүмүн ачууга тийиш. Ошондой эле жаңыдан келген жаш адистер үчүн да шарты жок. Алар шаар ичинен жашоо үчүн үй издешет. Үй же тамак-ашы үчүн айлык маянасы жетишпей, бул жактан жеңилдик көрбөй кетип калышууда. Башка облустарга салыштырмалуу, бизде атайын дарыгерлер үчүн үй салынбайт же жатаканалары каралбайт» ,- деди дарыгер Аким Абдуллаев.

Оорукананын директорунун орун басары Абдилазиз Асановдун айтымында, ооруканада реенимация, хирургия, көз бөлүмдөрүндө жаңыдан аппараттар келип, иш алдыга жүргөнү менен имарат жана дарыгерлердин жетишсиздиги чечилбей келет. Учурда ооруканада педиатр, реаниматолог, лор, инфекционист адистери жетишсиз.

(Абдилазиз Асанов)

7

«Учурда терапия, неврология, кардиология бөлүмдөрүнө жаңы имарат куруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп журуп жатат. Имараттын жетишсиздиген урология, кардиология, кульминология бөлүмдөрү өзүнчө ачыла албай келет. Эгерде планыбыз ишке ашып, жаныдан имарат курулса бул бөлүмдөр көчүрүлүп, барыбыз үчүн жеңил болот», - деди ал.

Хирургия бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап Жазгүл Тураеванын айтымында, ал өзү урология бөлүмүндө дарыланышы керек болуп, бирок урологиянын бөлүмү жок болгондуктан хирургия бөлүмүндө жатат.

«Бир жумадан бери дарыланып жатып, бул жердин шарттары канаттандыраарлык эместигин байкадым. Мисалы 4 кишилик бөлмөдө 5 киши жатат. Жакынын карап отургандарга отуруу үчүн стулдар да жок. Ар кандай оорулуулар аралаш жатабыз. Суусу да кезеги менен чыгат экен, ажатканасынан да суусу кетпейт. Шарты өтө начар. Бирок дарыгерлери баары жакшы карашат», - деди бейтап.

(Пайзидин Абдырахманов)

6

Урология бөлүмүнүн дарыгери Пайзидин Абдырахмановдун айтымында, хирургия жана урология бөлүмү бирдей болгондуктан операция учурунда да күтүп калган учурлар катталат жана бир топ аппараттар жетишсиз.

Эгер жаныдан урология бөлүмү ачылса анда ал тармакта иштөө үчүн адистер жетиштүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу