При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Кызыл-Кыя шаары Ош облусундагы кырсыктардан жабыркагандарга гумжардам жөнөттү

Turmush -  Кызыл-Кыя шарынан Ош облусунда болгон табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга 60 тонна цемент жана акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыядагы мекеме-ишканалар тарабынан Өзгөн районунун Аюу айылында жана Чоң-Алай районунда болгон табыгый кырсыктан жабыр тарткандарга 127 миң 292 сом которулду.

Ал эми, Кызыл-Кыя шаарындагы «Кыргыз түштүк цемент» заводу тарабынан 60 тонна цемент жана азык-түлүктөр гуманитардык жардам катары жеткирилди. Ага кошо Чоң-Алай районунун эли менен келишим түзүлүп, 2 миң тонна цемент өзүнүн баасында сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу