
Turmush - Ош облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан 77 жаштагы карыя 3-кабаттын терезесинен түкүрөм деп жатып кулап кетти.
Ооруканасынын жетекчиси Шайырбек Сулаймановдун айтымында, аксакал эшиктеги бастырманын чатырына кулаган. Учурда анын абалы жакшырып, урология бөлүмүндө дарылануусун улантууда.