Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кызыктуу тойлор: Шамил менен Айсауленин үйлөнүү тоюнда гимн аткарылып, жубайлар Алымбек менен Курманжан датканы даңазалашты (фото)

Turmush -  «Кызыктуу тойлор» рубрикасынын кезектеги каармандары Шамил менен Айсауле. Алардын үйлөнүү тоюнун өзгөчөлүгү жөнүндө Айсауленин атасы Кубаныч Калыбаев аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, алардын тою Бишкетеги ресторандардын биринде өткөрүлдү.

«Кызыбызды турмушка узаттык. Тойду каада-салттарды, үрп-адаттарды колдонуу менен өткөрдүк. Жаштар 1-курстан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишкен экен. Күйөө балабыз кызым окуган окуу жайда мугалим болгондуктан, алар өздөрүнүн достуктарын жарыя кылышпаптыр. Алардын үйлөнөрүн угушканда бардыгы, анын ичинен мугалимдер да таӊ калышкан экен. Биз кызыбызды узатаарда күндүз саат 9:00дөн 4:00гө чейин үйдөн куда тостук. Каада-салт боюнча кыз менен күйөө балага өпкө жабуу, тогуз табак, сөйкө салуу жана башка жөрөлгөлөрдү жасадык. Ошол күнү кечинде кыз узатуу тойду эл катары ресторанда өткөздүк. Анда деле кыргыздын салттары сакталды. Той жакшы маанайда өттү. Белектер кызыбыздын чоӊ энесинин жана тайенесинин чеберчилиги менен жасалган буюмдар берилди. Белектер оригиналдуу болуп, конокторго жакты», - деди ал.

К.Калыбаев белгилегендей, үйлөнүү үлпөт той эртеси болду.

«Той КРнын гимни менен башталды. Оюн-зоок, тамашалар көп болду. Эки тойду тең Элдос деген  таланттуу жаш жигит алып барды. love store жасап калышыптыр. Ал да кызыктуу болду. Ата-бабаларды үлгү кылып Алымбек жана Курманжан датканы сүрөттөп, кичинекей фотосессия кылышкан. Ал эми, үйлөнүү тойдо келген конокторду бир топ тайпаларга бөлүп, ар бир тайпа өздөрүнүн кооз кийимдери менен сахналаштырылган оюндарды көрсөтүштү. Анын бир тайпасы «Даңазалуу доор» тасмасын сахналаштырышып, Сулейман султандын ролун аткарышты. Костюмдар аябай жарашты. Үйлөнүү тойду күйөө балабыз жана куда-кудагыйлар уюштурушту. Ал эми, куда тосуу (Ош тарапта бата той деп аталат) жана кыз узатуу тойду мен келинчегим жана туугандарыбыз менен өткөздүк», - дейт ал.

Күйөө бала Шамил Төрөбеков 1990-жылы Аксы районунда төрөлсө, турмушка чыккан Айсауле Сабытбекова 1994-жылы Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Айсауле Сабытбекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын фармация факултетинин бүтүрүү курсунда окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10909
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу