Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Чүй

Чүйдө эки аялды сүзүп өлтүргөн айдоочулар качып кетти (видео, фото)

Turmush -  Сокулук районунда «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа 30-35 жаштагы аялды сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгондугун Чүй ОИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-майда Сокулук РИИБдин мөөнөт бөлүмүнө Бишкек—Күн-Туу унаа жолунун аймагында аялды автоунаа сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Субару Форестер» (мамномуру Е 0523 D) автоунаасынын айдоочусу жабырлануучуга биринчи медициналык жардамды көрсөтпөй, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Оперативдүү иликтөө тобу автокырсык болжол менен саат 01:30 чамасында болгондугун жана «Субару Форестердин» айдоочусу Күн-Туу айылынын 24 жаштагы И.И. экендигин аныкташты. Анын атасы милиция кызматкерлерине аталган автоунааны өткөрүп берди. Азыркы тапта унаа Шопоков шаарындагы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Ал эми, шектүүнүн кайда жүргөндүгү азырынча тактала элек. Аялдын денеси Сокулук райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди. Бул окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда 14-майда болжол менен саат 18:20 чамасында «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаа бир кызды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү "Репортер" басылмасына билдиришкен.

«Биз Ысык-Көлдөн үй-бүлөбүз менен келе жатып, «Мазда» унаасынын айдоочусу бир кызды сүзүп, ал дароо изин жашырып качып кеткен окуяга күбө болдук. Анын тартылып калган видеосу бар. Бирок, бул унаа катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, анын номурун көрүүгө болбойт. Эгерде аталган автоунааны көрүп калгандар болсо, анда алардан жардам сурайбыз», - деди күбөлөр.

Кийинки күнү жабырлануучу ооруканадан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6272
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×