Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

Видео - Ошто эң сулуу кыз тандалып, ага Дубайда эс алууга жолдомо берилди (фото)

Turmush -  Ош шаарында өткөн «Сулайман-Тоо периси - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сынактын жыйынтыгы боюнча баш байгеге Айдана Абдыкаарова ээ болуп, Дубайга жолдомо алды. Ал эми 1-орунду алган Гүлнура Валижановага Түркияга жолдомо берилди. 2-орунду багындырган Назбийке Маматовага Тажикстандын «Бахаристон» эс алуу жайына жолдомо тапшырылды. Ошондой эле, 3-орунга ээ болгон Диана Туташевага Ысык-Көлгө жолдомо ыйгарылды.

Сынакка Ош облусунун Өзгөн, Алай, Кара-Суу райондорунан Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан 16 жаштан 25 жашка чейинки 17 кыз катышты. Алар саламдашып, суроолорго жооп берип, бийлерди аткарышып, кече көйнөктөрү боюнча мода көрсөтүштү. Кечени белгилүү ырчы Юлия Руцкая менен Аман Ибраев алып барды.

Сынак «Кыргызстан» театрында өтүп, аны ырчы Самара Каримова уюштурду.

Буга чейин 25-апрелде Ош улуттук драма театрында өткөн «ОшМУ Периси-2017» сынагында  баш байгени 1-курстун студенти Эльнура Курсантбек кызы ээлеп, Дубайга эс алууга жолдомо алган.

Сынакка окуу жайдын факультеттеринен чыккан 11 сулуу ат салышып, саламдашуу, көркөм окуу, макал-лакап чечмелөө, бий жана кечки сулуулук тапшырмаларын аткарышкан.

Жыйынтыгында баш байгеден кийинки 1-орунду Диана Арстанбек кызы, 2-орунду Айжан Абдырахманова, 3-орунду Айдай Дүйшөн кызы ээлеген. Сынакка катышкан бардык сулуулар Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10163
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×