
Turmush - Өкмөт башчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун айрым ирригациялык тармактарын жана түндүк-түштүк унаа жолун көрүү үчүн келет. С.Жээнбековду тосуп алуу үчүн, жумгалдыктар жолдорду түздөп, таштандыларды төгүп, даярдыктарды көрүп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.
«Өкмөт башчы же министр келет дегенде эле каралбаган жолдорубуз каралып, оңдолуп, таштандылар тазаланып калат. Биз жолдор түздөлүп жана тазаланып калса эле чоңдор келе жатканын билебиз. Ушуну өз убагында гана оңдоп-түздөп турушса жакшы болмок», - деди тургундар.