Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Чүй

Сокулуктагы мечитте болгон молдолордун мушташынын күбөсү окуя тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын Алтын-Ордо конушундагы мечитте молдолордун мушташынын күбөлөрү окуянын чоо-жайын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып беришти.

Буга чейин социалдык баракчаларда исламчылардын мушташы тартылган видео тараган. Анда бир адам башка сакалчан бир кишини сабап жатканын көрүүгө болот.

ИИМдин берген маалыматына караганда, окуяны Чүй ОИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери иликтеп, социалдык баракчаларга тараган видео апрель айынын аягында тартылгандыгы маалым болгон. Мечиттеги мушташ Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы конуштардын бириндеги мечитте болгондугу тастыкталды.

Видеодогу окуянын күбөсү Сарыбай Дубанаевдын айтуусунда, аталган конуштагы мечитке муфтияттан уруксат кагазы жок 11 кишиден турган жамаат 4 айга дааватка келишкен.

WhatsApp Image 2017-05-16 at 07.34.05

«26-апрелде биздин мечитке 11 кишиден турган жамаат 4 айга дааватка келишиптир. Бирок, аларда муфтияттын уруксат документи жок экен. Өзүңөр билгендей, дааватка 3 күн, 40 күнгө же 4 айга чыкканда ар бир жамаат муфтияттын уруксат кагазын алышы керек. Уруксат кагазда кайсы мечит көрсөтүлсө, ошол мечитке барып келебиз. Арс намазына келген аталган жамааттан "уруксат документиңер барбы?" деп сурасак, алар "бизде эч кандай документ жок, 4 айга дааватка чыкканбыз, биз бул мечитте 3 күн болобуз" дешти. "Эгерде уруксат кагазыӊар жок болсо, анда мечиттен чыккыла" дедик. Анткени, дааватка өзүнүн шарты, өзүнүн тартиби менен чыгыш керек. Бирок, алар биздин сөзүбүздү угушкан жок. Имамдын уруксаты жок, жүктөрүн мечитке киргизип алышыптыр. Ал учурда жергиликтүү жамаат аз эле. Андан кийин шам намазына жакын элдер көбөйүп баштады. Алар дагы тигилерден документтерин сурашты. Дааватка келгендер корсулдап жооп беришти. Биздин мечитте намаз окуган бир балабыз мындай мамилеге чыдабай "ушундайлар динди бузуп жатат" деп алар менен урушуп кетти. Ошол маалда видеого кимдир бирөө тартып калган экен. Биз андан соӊ ал жамаат менен чогуу шам намазын окуп, алардын жүктөрүн унаасына салып берип, жакшы узатып койдук. Андан ары алар каякка кетишкенин билбейбиз», - деди С.Дубанаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана муфтият дааватчыларды тартипке салуу, алар жөнүндө коомчулуктагы терс пикирди жоюу жана коопсуздук максатында атайын 10 шарттан турган эреже иштеп чыккан. Ал шарттарды толук аткарган учурда гана дааватка чыгууга уруксат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×