
Turmush - Кечээ, 15-майда саат 19:20 чамасында Айдаркен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшүп, Октябрь, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел агып, 11 турак жайды жана 17 чарбакты каптады.
ӨКМдин маалыматына караганда, сел 5100 метр ички чарбалык жолду жана 3200 метр арыктарды каптап, 5 даана электр мамычасын, 1 «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып кетти. Кырсыктан адамдар жабыркагандар жок. Селдин кесепеттердин жоюуга ӨКМдин 12 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана «Айдаркен» сымап комбинатынан 1 жүктөгүч, 1 портер тартылды.
Куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана тартылган техникалар турак жайларга кирген сел сууларды тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү. Сел жүрүп жаткан учурда райондук РЭС кызматкерлери тарабынан электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп турган. Азыркы учурда Октябрь көчөсүндө электр энергиясы жок. Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да улантылат.