Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«Ала-Арча» паркында таш тийип каза болгон студент кыздын сүрөттөрү

Turmush -  «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 3-курсунун студенти таш тийип каза болду. Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, окуя кечээ, 5-майда саат 16:13 чамасында болгон.

1381338.1.1494050775

«Студенттер эс алуу үчүн тоого чыгышкан. Алардын арасындагы 1997-жылы туулган Кайрынса Кошоковага таш кулаган. Анын тааныштарынын айтымына караганда, кулаган таштан катуу жаракат алган кыз тоодон түшө албай калган. Ал жерде уюлдук телефондо байланыш болбогондуктан студенттердин бири тоодон түшүп, дарыгерлерди чакырган. Ошондой эле, ал сейил бакта иштеген куткаруучуларга билдирген. Алар 10 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге барышкан», - деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулардын айтымында, алар барган учурда жабыркаган кыз эс-учун жоготуп, тамыры сокпой калган. Алар студент кызды атайын техниканын жардамы менен төмөн жакка түшүрүп, тез жардам кызматына тапшырышкан.

Окуянын күбөлөрүнүн бири АКИpress агенттигине билдиргендей, туристтердин алдынан тоо текеси чуркап өткөндө кызды көздөй таш кулаган.

1-сүрөт окуя болгон күнү тартылган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 27425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу