При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Токтогулдун тургуну 1,6 кг гашиш менен кармалды

Turmush -  Токтогул районунун 30 жаштагы тургуну 1 кг 660 гр гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул РИИБдин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 20-апрелде саат 02:30 чамасында «Тартип» жана «Антирэкет» ыкчам алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү учурунда Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылынын 30 жаштагы тургуну А.А.ны шектүү катары кармашкан.

Аны текшерүү учурунда кийип жүргөн кара түстүү курткасынын ичинен сары баштыкка оролгон 1 кг 660 гр салмактагы гашиш банги затына окшош өзгөчө жыты бар кара-күрөӊ түстөгү зат табылып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү буга чейин сот жообуна тартылган жана мындан башка ушул сыяктуу кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Башкача айтканда, анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө жашырылган баңги заты табылган. Бирок, өзү качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланган. Ал кармалганда райондук сот тарабынан аны камакка алуу чечими чыгарылган. Аны милиция кызматкерлери өз үйүнө түн ичинде жашыруун келгенде кармашкан.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×