Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Экстремизге формалдуу эмес, чыныгы деңгээлде күрөшүүбүз керек, - Ш.Мамыров

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин көчмө жыйыны Ош шаарында өтүп, ага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жыйындан соң ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров журналисттерге интервью берип, Санк-Петербургдагы жардыруудан кийин Кыргызстандыктар тууралуу терс пикир жаралганына токтолду.

«Балдардын эл аралык терроризмге аралашканы жаман көрүнүш. Акыркы убакта Россияда болуп жаткан окуялар бир жактуу көрсөтүлдү. Уюштуруучу, катышуучулар Кыргызстандан, Оштун тургундары болгону бул биз үчүн көйгөй маселе. Былтыркы жылы Бишкек шаарында Кытай элчилигиндеги жардырууга шектүүлөр кармалгандар Ош шаарынан, Баткен, Чүй облусунан чыгып жатат. Демек биз бул багытта толук кандуу иштей албай жатабыз. Мисалы Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин биз тууралуу көпчүлүгү жаман ойдо болуп жатат. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дейт. Экстремизге каршы акцияларды формалдуу кылбай, чыныгы деңгээлде күрөшүүбүз керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×