Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте эки окуучуну сүзгөн автоунаа Сокулуктун тургунуна тиешелүү болгон, - милиция (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-апрелде Бишкектин көчөлөрүнөн 3-класстын эки окуучусун сүзүп кеткен автоунаа Чүй облусунун Сокулук районунун тургунуна тиешелүү болгон. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

1378349.1.1492772803

Маалым болгондой, азыркы учурда айдоочунун жашаган жерине аталган түзүмдүн оперативдүү иликтөө тобунун кызматкерлери кетишти.

Бишкектин Бакаев жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинен №74 мектепте 3-класста окуган эки окуучуну «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Күбөлөрдүн айтымында, 08KG 382AAF аттуу мамлекеттик номурдагы автоунаа түштүктөн түндүк багытты карай жүрүп кеткен.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1956
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×