При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Ысык-Көлдө жаштарга бош убакытты туура пайдаланууга багыт көрсөткөн иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында «Кызыма кырк нуска кеп» аттуу иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара 2016-жылы айылдын ардактуу атуулу, облустук музейдин кызматкери Ырысбүбү Мамытованын демилгеси менен уюштурулган «Апалардан алтын сабак» аттуу жамаат тарабынан өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты жаш муундарга кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтүп, бош убактыларын туура пайдаланууга багыт көрсөтүү болуп саналат. Аталган жамааттын өкүлдөрү мектеп жашындагы кыздарга колдоо көрсөтүп, алар каалаган кол өнөрчүлүк боюнча тарбия берүүнү улантуу чечимин кабыл алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 326
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×