При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Ноокендин Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл аймагында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде суунун нугун буруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Ноокен райондук бөлүмүнүн жетекчиси Нурканбек Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, бекемдөө иштерине 100дөн ашык жергиликтүү тургундар, ӨКМдин 30га жакын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган. Алар кум салынган мүшөктөрдү сайдын жээгине коюп, бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, Ноокен районуна караштуу Арал айыл аймагынын Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, аймактагы 885 үй-бүлө эвакуацияланган.

Тема боюнча:

19.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 885 үй-бүлө көчүрүлдү (видео, фото)
14.04.2017Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү көтөрүлсө 45 гектар айдоо жерге, 75 үйгө кооптуулук жаратат (фото)
14.04.2017Видео, фото - Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чкалов айылындагы көпүрө бузулду
19.04.2017Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ноокенде 10 гектар эгин талааны суу алып кетти (фото, видео)
20.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна түштү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 465
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×