При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Жети-Өгүздүн эли Франциянын Сент-Омер шаарынын мэрине калпак, чапан кийгизишти (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна келген Франциянын Сент-Омер шаарынын мэри Франкоис Декостеге жергиликтүү тургундар улуттук кийим кийгизишти, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн достук мамилеси 2014-жылы башталып, ошол жылдары Франция менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн долбоордун алкагында айылга таза суу киргизилип, тургундар таза суу менен камсыз болушкан.

Эми таза суу боюнча долбоордун 2-баскычы Аң-Өстөн айылында башталып, келишимге Сент-Омер шаарынын мэри кол койду. Франциядан келген делегацияга райондун элинин атынан улуттук кийим жана азем белектер берилди.

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру жана Сент-Омер шаарынын мэри жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөө иштери уланарын белгилешти.

Буга чейин маалымдалгандай, Жети-Өгүз районуна Франциянын элчиси келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×