Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Жаш таланттар-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлгөн «Жаш таланттар-2017» кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айжамал Султанова билдирди.

Анын айтымында, дастан, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, ырдоо, бийлөө, сүрөт тартуу тапшырмалары боюнча жаш таланттар тандалып, эң мыкты деген чыгармалар элге тартууланды. Жыйынтыктоочу концерт Нарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте өткөрүлүп, ага шаар мэри Э.Алымкулов, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов катышты.

Анда шаар мэри Нарын шаарынын окуучуларынын айылда окуган балдарга караганда ыр, бий, музыкалык аспаптарда ойноо жана башка ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүктөрү көп экендигин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактын бардык катышуучулары ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми, жеңүүчүлөр май айында өтө турган облустук «Жаш таланттар-2017» сынагына катышуу укугун алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1840
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×