Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Баткендеги ооруканага 40 миң долларлык реанимациялык жабдык тапшырылды (фото)

Turmush -  Балдардын өмүрүн сактап калуу максатында Баткен облустук бириккен ооруканасына реанимациялык жабдык алынып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жабдыкты тапшыруу аземине облус башчысынын орун басары Чынара Саттарова, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо жана медицина кызматкерлери катышты.
Алардын айтымында, 40 миң долларлык реанимациялык дем алдыруучу жабдык оорукананын ишинин жакшыруусуна өбөлгө болот.

«Баткен облусунда ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү эки эсе азайды. Бул чоң жетишкендик жана мында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жапония өкмөтүнүн колдоосу, дарыгерлердин салымы чоң. Жашоого жана туура өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар балдардын саны көбөйүп жатканына абдан кубанып турам», - деди Юкио Мокио.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×