При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Жеңеке»: Жанат жеңени кайын энеси «кайын атасы менен классташ» деп тамашалайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылына келин болгон 25 жаштагы Бектурсунова Жанат жеңени кайын энеси «кайын атасы Манас менен классташ» деп тамашалайт. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында өскөн. Мектепти аяктаган соң Талас мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болгон. Жолдошу Нурланга 23 жашында турмушка чыккан.

«Менин кайын атамдын аты Манас экен. Мен болсо үйдөгүлөрдүн көзүнчө кайын энеме «апа, эртең Манас айылында «Манас» деген темада ачык саат өтөт экенбиз» десем кайын энем «Манас мунун классташы» деп каткырып жүрдү», - деди ал.

Жаш жеңе буга катар эле кычыраган кыштын түнүндө сыртта калганын айтып берди.

«Бир күнү сыртка чыгып келсем, эшик илинип калыптыр. Көрсө артымдан кайын атам чыгып, кирип келе жатып илип коюптур. Мен болсо тоңуп, жарым саат терезени черткилеп тургам. Башым жылаң баш, бутумда көлөч болчу. Акыры кайын иним туруп эшикти ачып, таң калып аябай караган. Ошол кайын иим азыркыга чейин «эшикте калып калган жеңем» деп тамашалап жүрөт», - деди ал.

Жанат жеңе учурда Чалдыбар мектеп интернатында мугалим-тарбиячы болуп иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2678
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу