Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 17 жаштагы К.Матмуратов эрежесиз эр таймашта ийгиликтерде жетишип жатат (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Кутман Матмуратов 1 жылдан бери эрежесиз мушташ менен машыгып келет. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Анын айтымында, 1 жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетишти.

«Эрежесиз мушташ менен 1 жылдан бери машыгып келем. 2016-жылы Бишкек шаарында өткөн беттеште 1-орунду, андан кийин 2017-жылдын январь айындагы Токмокто болгон эл аралык беттеште 2-орунду алдым. Андан соң Кыргызстан боюнча өткөн таймашта спорт чеберине талапкер наамын алдым. Токмок шаарында өткөн мелдеште каршылашымды нокаут менен жеңгеним эсимден кетпейт. Келечекте спорттун ушул багытында көптөгөн ийгиликтерди багындыргым келет. Алдыда Медакадемиядан билим алам деген максатым бар», - деди жаш спортчу.

Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

«Биз Ош облусунан Чүй облусунун Сокулук районуна 2006-жылы ата-энем менен чогуу көчүп келгенбиз. Учурда Сокулук районундагы №2 орто мектебинде билим алуудамын. Атам 2014-жылы ооруга байланыштуу көз жумган. Апам үй кожойкеси», - деди Кутман.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×