При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Дунган элинин сый тамагы болгон ши кантип жасалат? (фото)

Turmush -  Кыргызстанда жашаган улуттардын сый тамактарын баарыбыз эле биле бербейбиз. Бул жолу Turmush басылмасынын кабарчысы дунган элинин улуттук сый тамагы шинин жасалашын Ысык-Ата районундагы Милянфан айылынын тургуну Замира Джухундан үйрөнүп келди.

«Бул тамактын жасалышы аябай татаал. Бизде шини мырзалар жасайт. Тойго же кандайдыр бир майрамдарга 3 күн калганда 1 уй союлат. Анын эти бүтүн бойдон ши тамагына колдонулат», - деди ал.

Ши тамагы котлеттин бир түрү. Ага кандай кошулмалар керектелсе, бул тамакка да ошол татымалдарды колдонобуз. Мисалы уй эти, пияз, нан, жумуртка, өсүмдүк майы, ун, сүт, татымына жараша туз, кара мурч керектелет. Бирок сүйрү, тоголок жана кичинекей көлөмдө жасалат.

«Бул тамакка көп жумуртка керек. Ал жашыл, сары, кызыл өңгө боёлгон жумурткалар менен кооздолот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 287
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×