Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Таластык К.Жумакулов 21 жылдан бери трактору менен айылдаштарына кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 43 жаштагы тургуну Кадыралы Жумакулов 21 жыл мурда сатып алган трактору менен айылдаштарына кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы тракторчу менен таанышты.

Анын айтымында, чабан болуп иштеп жүрүп, 1996-жылы эски трактор сатып алган. Тракторду убакыт өткөн сайын оңдоп жаңылап, азыр да иштетип жатат.

«Техника бузулса өзүм оңдойм. Негизи биздин жумуш талаа иштери башталгандан бүткөнчө уланат. Бул март айынан октябрь айларына чейинки убакыт. Быйыл жаз 1 айдай кеч келүүдө. Бир гектар жерди тегиздеп, айдагандын баасы 35 литр солярка менен 1500 сом болууда. Ал эми, жерге чөптүн түрлөрүн себүү үчүн 10 литр май менен 700 сом кетет», - деди ал.

Кадыралы Жумакулов жубайы Самара Кырчынова экөө 5 баланы тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×