При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Мекендештер»: Кара-бууралык М.Байгонушева Стамбулдагы эң байыркы окуу жайда окуп жатат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас облусунун Кара-Буура районундагы Арчагүл айылынын 28 жаштагы тургуну Майрам Байгонушева. Учурда ал Түркияда докторантурада окуп, спорт менен машыгып, комуз жана ооз комуз черткенди үйрөнүүдө.

«Ата-энем экөө тең кесиби боюнча математика мугалимдери, учурда ардактуу эс алууда. Үйдө 5 кыздын бешинчисимин, бир иним бар. 2007-жылдары айылыбыздагы Дүйшөн атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас” университетинин экономика бөлүмүндө окудум. Ал жерден 2007-2015-жылдары бакалавр жана магистратураны аяктап, “Түркия стипендиялары” программасы аркылуу Стамбул шаарындагы Мармара университетинде экономика багытында докторантурада окуп баштадым. Мармара университети 77 миңден ашуун студент окуган Түркиянын эң эски, чоң жана алдыңкы университеттеринин бири болуп саналат», - деди ал.

Мекендешибиз бош убактысында адабий китептерди окуп, спорт менен машыгат.

«Жергиликтүү калк Стамбулду көрбөгөн адам Түркияны билбейт жана аны тааныбайт деп айтышат. Калкы негизинен меймандос жана сылык келет. Илим-билимге болгон умтулуулары күчтүү, ар дайым жардам берүүгө даяр турушат. Чет өлкөдө окуунун өз артыкчылыктары менен бирге бир катар кыйынчылыктары да бар. Талыкпаган эмгек жана сабырды талап кылат. Ошентсе да окуу менен гана чектелбей, бош убактымды да жемиштүү өткөрүүгө аракет кылам. Мисалы, адабий китептерди окууга, спорт менен машыгууга, мындан тышкары кыргыздын улуттук аспаптарында ойноого кызыгам. Комуз жана ооз комуздарда буга чейин бир аз ойногондуктан, учурда Кыргызстандан интернет аркылуу сабак алып, аны өнүктүрүүгө аракет кылып жатам», - деди ал.

Майрам Байгонушева докторантураны 2 жылдан кийин аяктайт.

«Докторантуранын мөөнөтү 4 жыл, мен дагы 2 жылдан кийин аяктайм. Андан соң Кыргызстанга барып, ата-эне, бир тууган жана өлкөмдүн ишеничин актап, алган билимимди экономикабыздын өнүгүүсүнө жумшагым келет. Бул менин жашоодогу эң негизги максатым. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи, ар бир жараныбыз мамлекет үчүн эмгектенсе, сүйүктүү Мекенибиздин өнүгүп кетерине көзүм жетет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2750
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу